Опубликовано
06.06.2024, 10:12Кыргызстанда бала бакчалар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына жайгаштырылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы курулуш нормаларында мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди көп батирлүү турак жайлардын биринчи жана экинчи кабаттарына жайгаштыруу каралган.
Ошентип, мектепке чейинки балдар мекемелеринин санынын жетишсиздигин жабуу максатында аларды көп кабаттуу турак жайларга жайгаштыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.