Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.05.2024, 11:37

    Кыргызстанда бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыялар берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

    Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бала бакчаларды куруу жана оңдоо иштери мамлекеттик банктар – РСК Банк, Айыл Банк, Керемет Банк тарабынан каржыланат.

    Долбоор 2024-жылдын январь айынан баштап беш жылга эсептелген. Белгиленген чен 10% түзөт.

    Ишкерлерге жана жеке адамдарга насыялар төмөнкү шарттарда берилет:

    • балдар бакчаларынын имараттарын куруу — беш жылдыкка 70 млн сомго чейин;
    • капиталдык оңдоо/кайра конструкциялоо (негизги каражаттарды кошкондо) - беш жылга 50 млн сомго чейин;
    • негизги фондуларды сатып алуу жана жаңылоо — үч жылга 10 млн сомго чейин.

    Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстандын аймактарында бала бакчаларды куруу үчүн жер тилкелеринин тизмесин бекиткен.


    Читать похожее

    • 16.08.2024, 04:10:24
    • 14.08.2024, 21:30:23
    • 05.08.2024, 03:05:03
    • 22.07.2024, 03:10:48