
Опубликовано
02.01.2024, 09:25Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө 2024-жылдын 1-январь айына карата 146 миң 633 балага 584 млн сом каржыланды, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 млн сом сом төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2022-жылы 130 миң 200 балага 522,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 40 балага 2,0 млн сом сом төлөндү.
Эскерте кетсек, жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

