Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

03.03.2023, 10:30

Кыргыз валютасынын 30 жылдыгына карата Улуттук банк 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында “Сом – Кыргызстандын жүзү” аттуу республикалык чыгармачылык сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Конкурс сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча өтөт.

Сынактын максаттары:

  • балдардын жана жаштардын улуттук валютага этият мамилесин тарбиялоо;
  • балдардын жана жаштардын көңүлүн финансылык сабаттуулук маселелерине буруу;
  • жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүн өстүрүү, Улуттук банктын ишмердүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугуна көмөктөшүүчү темаларды чагылдырууга мотивацияны жогорулатуу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өтөт:

“Сом – Кыргызстандын жүзү”;

“Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр”;

“Кыялдар канат байлаганда” .


Читать похожее