Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.10.2023, 04:45

    Россельхознадзор кылдат талдоодон кийин “Аква Пром” ЖЧК жана “Аква Сервис” ЖЧКсынан Орусияга балык азыктарын импорттоого коюлган чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Ошондой эле, бир айдын ичинде балыкты кайра иштетүүчү төрт ишканага коюлган чектөөлөр алынат.

    “Бул компаниянын продукциясын Орусияга жогоруда көрсөтүлгөн күндөн баштап, стандарттарга ылайыктуу шартта жеткирүүгө болот дегенди билдирет”, - деп түшүндүрдү министрлик.

    Эске салсак, Россельхознадзор 2023-жылдын 9-августунда Кыргызстандан экспорттолгон балыктарда антибиотиктер жана икрада листерия бактериялары табылгандыктан балык уулоочу 6 ишканага чектөө киргизген.


    Читать похожее