
Опубликовано
11.08.2023, 05:00Кыргызстанда балык уулоого уруксат билеттери электрондук түрдө сатыла баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Түндүк” МИ, “Mega Com” уюлдук оператору жана Балык чарба департаменти биргелешип электрондук балык уулоо билетинин системасын иштеп чыкты.
“Өлкөдө ышкыбоздук спорттук балык уулоо Нарын, Талас, Кара-Дарыя, Чүй дарыяларында жана алардын куймаларында, ошондой эле башка дарыяларда, жалпысынан 30дан ашык берилген уруксаттар (балык уулоо карталары жана билеттери) боюнча жүргүзүлөт. Балыктын 15 түрү ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объектилери болуп саналат, анын ичинен 2 түрү балыктын чектелген баалуу түрлөрү (Амударья форели жана дарыя османы)”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо менен алектенген балыкчылардын жалпы саны (айыл калкын кошкондо) 100 миңден ашат. Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо кызматтары 7 аймактык коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Балык уулоо үчүн коомдук уюмдардын Балык чарба департаменти менен түзүлгөн келишим болушу керек.



