Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.03.2022, 04:46

    Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштин заказчысы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

    Чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө транспорттук камсыздоо жана республиканын жана анын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

    Документке ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын «Көпүрө куруу отряды» мамлекеттик ишканасы саналат.

    “Балыкчы - Кочкор -Кара- Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы болуп узундугу 63 км болгон “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу пландалууда.

    "Учурда долбоорлоо-изилдөө институттарын жана профилдик адистерди тартуу менен “Балыкчы-Кочкор” темир жол участогун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат",- деп министлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Белгилесек, темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.


    Читать похожее

    • 03.03.2022, 22:46:22