Akchabarsearch
Источник фото: КР Өкмөтү

Опубликовано

23.12.2020, 10:05

Балыкчы шаарындагы «Агро Куш» канаттуулар фабрикасына кошумча жер тилкеси бөлүнүп берилиши мүмкүн. Ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоону ушул жылдын 24-декабрынан баштайт. Бул тууралуу премьер-министрдин м.а. Артем Новиковдун Балыкчы шаарына болгон иш сапарында маалым болду.

[news 31078]



Новиков белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыктын 30%га жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат.

«Ишкана жылына 4,6 млн бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат», - деп жазылат маалыматта.




Иш сапардын жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтып беришти.


Читать похожее

  • 03.02.2021, 02:15:45
  • 02.02.2021, 04:45:18
  • 23.12.2020, 04:05:31
  • 21.12.2020, 04:00:14