Опубликовано
29.04.2022, 06:10Бүгүн, 29-апрелде коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодада 850 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында маалымдалды.
Бир АКШ долларын сатуу курсу 82 сомду түздү. Бул өткөн күнгө салыштырмалуу америкалык валютанын наркы 1,2%га төмөндөгөн.
Ушул айдын башынан бери банктар 89 млн 889 миң доллар сатып алышкан, анын орточо курсу 83,99 сомду түздү.