Akchabarsearch
Источник фото: Президенттик администрация

Опубликовано

06.05.2024, 12:00

Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жаңы-Барак айылынын түптөлүшүнө капсула салды.

Планга ылайык, аталган жаңы айыл 38 гектар жерге курулат. Анын алкагында 164 жаранга үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жашы жеткен балдарга участок бөлүп берүү каралган.

Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.


Читать похожее

  • 06.05.2024, 06:00:33