Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.06.2024, 05:35

    Барскоондо кичи ГЭС курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.

    Маалыматка ылайык, "Барскоон" кичи ГЭСин 706 млн сомго куруу пландалууда. Анын кубаттуулугу 7,5 МВт болуп, жылына 38 млн киловатт-саат электр энергия чыгарып турат. ГЭС үчүн керектүү жабдуулар Австриядан "Global Gidro" компаниясы аркылуу алынат.

    Бул долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга созулган канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. ГЭС 2025-жылдын сентябрында ишке берилет деп пландалууда. 5-июнда анын курулушун баштоого капсула салынды.


    Читать похожее

    • 05.06.2024, 23:35:43
    • 05.06.2024, 02:35:49
    • 18.03.2024, 22:15:55