Akchabarsearch
Источник фото: Чек ара кызматы

Опубликовано

09.03.2021, 06:50

2021-жылдын 6-8-март аралыгында Баткенде Тажикстандан ташылып келе жаткан аткезчилик жүктөр аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

[news 32962]

Маалыматка ылайык, Тажикстандын жараны айдап бара жаткан Hyundai-Porter унаасында 3 тонналык аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Дагы бир 1987-жылы туулган М.Т. аттуу жаран 2,5 тонна (лимон) аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле, чек арачылар тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Күнгөй жергесинен Өзбекстандын аймагына аткезчилик жол менен 8 миң 400 даана лампочка ташып бара жаткан КР жараны кармалган.

Мыйзамсыз жүктөргө тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүктөр компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.


Читать похожее