
Опубликовано
07.08.2023, 08:20Баткенде акциздик маркасы жок 1,8 млн сомдук тамеки мамлекеттин эсебине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 9-майда УКМКнын кызматкерлери Кара-Бак айылынын Ж.Д.А. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, акциздик маркасы жок 17 миң 960 куту тамеки табылып алынган.
“21-июлда Баткен райондук соту облус тургунун Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 1 млн 800 миң сомдук тамеки мамлекеттин эсебине алынган.



