Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынган сүрөт

    Опубликовано

    25.08.2021, 11:00

    Баткенде кургатылган өрүк быйыл башка жылдарга салыштырмалуу эки эсеге кымбат. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен облустук монополияга каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

    Кургатылган өрүктүн дүң баасы 2020-жылдын ушул мезгилинде 250 сомдон болсо, быйыл 500 сомго чейин чыккан.

    “Кургатылган өрүктүн баасы Баткенден башка жактарга көбүнчө дүң баада сатылат. Өрүк бактарында быйыл түшүм дээрлик 80%га чейин азайган. Өрүктүн аз болгондугунун себеби жаз мезгилинде жаан көп жаады. Кургатылган өрүк көбүнчө ички базарда анан Орусияга гана чыгууда”,-деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин адиси Мукадаст Исаев.


    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06