Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.05.2023, 10:30

    Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

    Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, облустун прокурору Таалайбек Касымбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

    Бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды мамлекеттик органдарга жеткирүү, укуктук чечимдерди ишке ашыруу пландалууда.

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн форматта катышты.

    “Мамлекеттик органдар менен күрөшүү каалоосун жоготкон ишкер, экономикага салым кошуу каалоосун да жоготот. Ошондуктан ишкерлерге бут тосуулар болбоого тийиш. Инвестор күтө албайт. Эң баалуу ресурс бул убакыт. Ошондуктан мамлекеттик органдар бизнес коомчулугу менен конструктивдүү маанайда иш алып баруусу учур талабы. Биз жеке сектор тарабынан сунушталган инвестициялык долбоорлорду жылдырууга жардам берүүгө даярбыз”, - деди ал.

    Кеңештин максаты – аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү.

    Белгилей кетсек, Кеңештин ишин илгерилетүү, каржылоо ПРООН тарабынан колдоого алынган.


    Читать похожее

    • Депутат считает, что министр здравоохранения должен уйти в отставку

      Депутат Гуля Кожокулова считает, что министр здравоохранения Эркин Чечейбаев должен покинуть свой пост. Такое заявление она сделала на заседании парламентского комитета по социальной политике, где обсуждалась неудовлетворительная работа государственного предприятия «Кыргызфармация».
      23.06.2025, 11:46:47
    • Инвестиционный бум поддержал рост экономики Кыргызстана до 12.3%

      По данным Евразийского банка развития, в январе – мае 2025 года экономика Кыргызстана выросла на 12.3% в годовом выражении. Такой результат стал возможен благодаря резкому увеличению объема инвестиций — сразу на 55.2% по сравнению с аналогичным периодом прошлого года. В банке подчеркивают, что активное освоение инвестиций стало системным фактором роста на фоне устойчивого внутреннего спроса.
      23.06.2025, 11:44:50
    • МФК «АБН» отчиталась о выплатах доходов по облигациям

      ОАО Микрофинансовая компания «АБН» завершила очередной этап выплат доходов по облигациям выпуска KG0204211518 от 11 января 2023 года. Об этом сообщается на сайте Кыргызской фондовой биржи.
      23.06.2025, 11:42:56
    • Сом укрепился по отношению ко всем основным валютам

      Нацбанк опубликовал официальные курсы валют на 24 июня 2025 года. По сравнению с предыдущими показателями от 21 июня кыргызский сом немного укрепился по отношению ко всем основным иностранным валютам, включая доллар, евро, рубль, тенге и юань.
      23.06.2025, 10:30:13