Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

04.08.2023, 10:58

Баткен облусунун Кадамжай районунда “Дугаба” альпинисттик- туристтик базасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы "Токой экосистемаларынын интеграциялап башкаруу" долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу менен ишке ашты.

“Аталган долбоорго дээрлик 34 млн сом жумшалды. База толук жаңыланып, туристтер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, учурда “Дугабада” эс алуучулар үчүн бардык заманбап шарттары менен 84 орун бар. Эс алуу жайынын жалпы аянты 40,0 га түзөт.

Эскерте кетсек, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997- жылы негизделген. Ал Кадамжай шаарынан 31 км алыс аралыкта жайгашкан. “Дугаба” капчыгайы – альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу чокулары, уникалдуу пейзажы жана туристтер үчүн жагымдуу шарттары менен өзгөчөлөнөт.


Читать похожее