Опубликовано
18.04.2024, 05:35Баткенде инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аймактагы ишкерликти өнүктүрүү маселеси боюнча кеңештин жыйыны өтүп ага, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район-шаарлардын акимдери, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облусундагы өкүлү Данияр Абдуллаев инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү болду.
Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ар кыл тармактардын, логистикалык борборлордун, фармацевтика тармагынын жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган палатанын 12 жаңы мүчөсүнө сертификаттарды тапшырды.