Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    17.07.2023, 11:30

    Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептерди, бала бакчаларды компьютердик техника, спорттук инвентарлар, ашкана жабдуулары, эмеректер, тиричилик техникасы жана медициналык жабдуулар жабдууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына жарыяланды.

    Тендердин жалпы суммасы 68 млн 184 миң 663 сомду түзөт. Тиешелүү арыздар 31-июлга чейин кабыл алынат.

    Тендерди Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги жарыялаган.


    Читать похожее