
Опубликовано
08.08.2023, 09:52Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушту.
"Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-ж.т. Б.А. аттуу Кыргызстандын жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалды",- деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткирилип, аталган факт документтештирилди.
Учурда аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.


