Опубликовано
28.07.2023, 10:41Сүлүктүнүн “БР” маркасындагы көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сомдон,”БК” маркасындагы көмүр 8 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков жана президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда көмүр кендеринин жетекчилерине бааны туруктуу кармоо эскертилди.
Көмүрдүн баасынын жогорулашынын себебин шахта жетекчилери кен казуу иштеринин оордугу, кооптуулугу, жумушчу күчтүн жоктугу, инфляциянын өсүшү менен байланыштырган.
Белгилеп кетсек, жалпы Баткен облусу жылына 120 миң тонна көмүр керектейт.