Опубликовано
20.07.2023, 04:55Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык объектилердин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш жана оңдоо иштерин АРИС уюму ишке ашууда. Тагыраагы 10 объект учурда курулуп жатса, 5 объекттин капиталдык оңдоп - түзөө жумуштары аяктады.
Белгилеп кетсек, курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Мындан тышкары, ар бир объект керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат.