
Опубликовано
09.08.2023, 09:26Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун көз бөлүмүнө 2 млн 120 миң сомдук операциялык микроскоп жана 45 миң сомдук стабилизатор тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабдууларды Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору Жигитов Канатбек жана көз оорулары боюнча координатор Давранов Бакытбек тапшырды.
“Бул жетекчиликтин жана кызматкерлердин бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү аракети. Оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо иштери улантылат”, - деп айтылат маалыматта.
Кызыл-Кыя борборунун жамааты Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна оорукананын өнүгүшүнө кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирет.



