Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    08.05.2021, 06:30

    Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыргыз ассоциациясы Баткен облусунун жашоочуларына IT боюнча акысыз билим берет. Бул тууралуу мекеме «Инстаграм» баракчасына жазды.

    [news 34628]

    Курстар 2030-жылга чейин Кыргызстанда 50 миң программист даярдоону максат кылган «Бир үй-бүлө - бир программист» долбоорунун алкагында жеткиликтүү болот.

    «Соңку окуяларга байланыштуу бүт өлкө Баткендеги мекендештерибизге жардам берүү үчүн өз күчтөрүн жумшоодо.

    «50 000 программисттер» долбоору Баткен облусунун жашоочуларын колдоо максатында, баардык курстарда акысыз негизде окутууга даяр», - деп жазылат билдирүүдө.

    Ал эми мекеме окууда жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучуларга стипендия төлөөгө даяр экенин кошумчалады.


    Читать похожее