
Опубликовано
07.07.2023, 10:26Баткен мамлекеттик университети аймактагы абитуриенттерди кабыл алууда босого баллды төмөндөттү. Ага ылайык, ЖРТдан 100 балл алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 балл алганы келишимдик негизде окуу жайга тапшырууга ат салыша алат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Мындай чечим облус башчысы Абдикарим Алимбаев менен Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин макулдашуусунун негизинде кабыл алынды.
“БатМУ 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 балл бекитилди”, - деп айтылат маалыматта.
Бул жеңилдиктин максаты, акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.



