Akchabarsearch
Источник фото: Бажы кызматы

Опубликовано

24.02.2021, 07:00

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2,4 млн сомдук мандарин жана кийим кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

[news 32700]

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда У.А.Д. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Mersedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан мандарин жана спорт кийимдери табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 2 млн 411 миң 480 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.


Читать похожее

  • 24.02.2021, 01:00:09