
Опубликовано
06.07.2023, 11:20Баткен бажысынын кызматкерлери контрабандалык айыл чарба техникасын алып кирүүнү аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран “А.у.А.” башкаруусундагы “УТО-Х954” маркасындагы трактор автотранспорттун жүк бөлүгүн бажы кароосунан өткөрүүдө ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок 1985-жылы чыгарылган “Киргизия” маркасындагы айыл чарба техникасы пресс-чогултуучу товары аныкталган.
“Кармалган товар чектеш ЕАЭБ мамлекетинен алынып келинген, жалпы салмагы 1420 кг, орточо базар баасы 340 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.



