Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

23.06.2023, 08:47

Кыргызстанга эки “Toyota Land Cruiser 150” автоунаасы алынып келинип, 1 млн. 300 миң сомбажы төлөмдөрү төлөнбөй калган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “А.П.” ЖЧКсынын дарегине 2018 жана 2019-жылы чыгарылган автоунаалар алынып келинген. 2018-жылдын 27-сентябрынан 2019-жылдын 16-июлуна чейин "Бажы кампасына" бажы жол-жобосуна ылайык жайгаштырылган. Бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Мындан тышкары, бул товарлар мөөнөт аяктаганга чейин башка бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн унаалар бажы органына билдирбестен жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн башка жактарга сатылып кеткен.

“Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млн. 388 миң 879 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар каттоого алынып Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз.

Читать похожее