Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    31.07.2023, 08:50

    “Түндүк” темир жол бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, быйыл март айында “Автомобилдик” БТЖнын “Аламүдүн” станциясына Грузиядан 2017-жылы чыгарылган Toyota Rav 4 маркасындагы унаа келген. 2-мартта убактылуу сактоо документи ачылган. Убактылуу сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде (4 ай) унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес.

    “Убактылуу сактоо кампасынын аймагын текшерүү учурунда бул унаа жок экендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жаран “К.Н.У.” бажы көзөмөлүндө турган унааны алып чыгып, тариздөөсүз үчүнчү жакка сатып жиберген. Бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма 221 480 сомду түздү”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

    Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее