Akchabarsearch
Источник фото: Бир Бол

Опубликовано

30.09.2020, 11:10

«Бир Бол» партиясы бажы пункттарында товарларды текшерүүдө көзөмөл-өткөрмө процессин автоматташтырып, бажы кызматкерлеринин санын азайтууну сунуштайт.

[news 28333]

Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын коротпой, 90 секунд ичинде «растаможка» кылууга мүмкүнчүлүк түзө турган реформаны кантип ишке ашырса болот?

- Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет.

- Бажыдагы кызматкерлердин саны азаят.

- Бардык чек ара пункттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде эл аралык инвестор тарабынан «3D рентген-тоннелдер» курулат.

- Чек арадагы операторлор мамлекеттик-жеке өнөктөш инвестор тарабынан ишке алынат.

- Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт.

- Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт.

- Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө борборунан туруп эле 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт.

- 90 секунд ичинде «тоннелден» өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт.

- Бажы салыгын 10 иш күн ичинде банк аркылуу которот.

«Бир Бол» №13 – парламенттеги сиздин үнүңүз!

«Бир Бол» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен «Бир Бол» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 30-сентябрь, 2020-жыл.


Читать похожее

  • 30.09.2020, 05:10:25