Akchabarsearch
Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

Опубликовано

16.05.2024, 04:10

Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчу топ аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Ошондой эле Барскоон-Учтурфан-Аксуу унаа жолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

Белгилеп кетсек, учурда кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар.


Читать похожее

  • 15.08.2024, 02:39:07
  • 04.08.2024, 21:25:35
  • 02.07.2024, 01:07:35
  • 21.06.2024, 05:06:54