Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.05.2024, 08:26

Сузакта "Манас айтуу" сынагы учурунда жабыркаган 10 бала Бишкекке которулат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, окуучулардын абалы туруктуу. Аларга ордо калаадагы №3 Балдар клиникасында дагы операция жасоо пландалууда.

"Балдар ар кандай жаракат алышкан. Сынгандары, ички органдары жарылып кеткендери бар. Боору, көк боору жарылгандарга кечээ операция жасалды. Бүгүн өзүнө келип калышты. №3 Балдар клиникасы жаракат алган окуучуларды кабыл алууга даяр", - дейт министр.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жабыркаган балдардын саламаттыгы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 3-майга карата Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда. Андан тышкары, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак аймактык ооруканасында — 3, Октябрь ЖДПБда – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Окуяда бир мугалим жаракат алганы айтылат.


Читать похожее

  • 29.07.2024, 00:40:39
  • 24.07.2024, 05:30:28
  • 26.06.2024, 21:30:26
  • 25.06.2024, 02:52:58