Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    04.07.2023, 09:18

    Быйыл январь-май айларында мамлекеттик бюджетке 142 млрд. 920 млн 173 миң сом түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Бул тууралуу Финансы министрлигинин отчетунда айтылат.

    Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн сумманын 75,5%ы салык кирешелери - 107 млрд 937 млн 911 миң сомду түзөт.

    “Бул каражаттардын дээрлик 64%ы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган — 68 млрд 902 млн 85 миң сом. Калган сумма бюджетке бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түшкөн (39 млрд 35 млн 825 миң сом)”, - деп айтылат маалыматта.

    Казынага салыктык эмес түшүүлөр 30 млрд. 946 млн 198 миң сомдон ашты.


    Читать похожее