Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.10.2023, 04:00

    Бүгүн, 4-октябрда электр энергияга болгон карызды өз убагында төлөй албаган бишкектиктердин электр жарыгы тарта автоматтык түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактар” ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, карыз болгондордун арасында 5,3 миңден ашык тиричилик абоненттери бар.

    “Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн “Бишкек электр тармактар” ​​ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее