Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

14.04.2022, 04:12

Бүгүн, 14-апрелде күндүзгү саат 12.00дөн тартып 15-апрелде таңкы саат 09.00гө чейин программалык контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча техникалык иштер жүргүзүлөт.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаралар программалык ККМдин иштөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлөт.

“Буга байланыштуу, көрсөтүлгөн убактарда система убактылуу өчүрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 13.04.2022, 22:12:44
  • 12.01.2022, 02:42:05