Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    06.02.2023, 04:41

    Бүгүн, 6-февралдан тарта электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 7 миңден ашык абоненттин жарыгын дистанттык түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

    Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январында катуу суукту эске алып, карызы бар абоненттердин жарыгын өчүргөн эмес.

    "Дебитордук карыздын өсүүсү электр тармактарын жана жабдууларды тейлөөгө түздөн-түз таасир этет", - деп айтылат маалыматта.

    Электр энергиясына карызыңыз бар же жок экенин кантип билүүгө болот?

    • компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн;
    • "Менин жарыгым" мобилдик тиркемесинен;
    • күнү-түнү иштеген 1209, 0772 00 12 00, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09 номерлерине чалып;
    • WhatsApp (0556 00 12 09) аркылуу билүүгө болот.

    Читать похожее