Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.08.2023, 11:20

Быйыл “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, бул үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми өткөн жылы аталган долбоор аркылуу социалдык колдоого муктаж 2 миң 800 үй-бүлө 100 миң сомдон алган.

"Социалдык келишим" долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгаруу, үй-бүлөнүн киреше булагын көбөйтүү максатында 2022-жылдан тарта иштей баштаган.


Читать похожее