Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.12.2023, 04:15

    Быйылкы жылдын 11 айында биоресурстарды коргоо тармагынан республикалык бюджетке жалпы киреше 114 млн 974 миң 37 сомду түздү. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.

    Анын ичинде аңчылыктан түшкөн киреше 106,7 млн ​​сомду түздү. Анын ичинен чет элдик туристтик аңчылыктан – 100,6 млн сом, спорттук жана ышкыбоздук аңчылыктан – 6 млн сом түшкөн.

    “Браконьерлик жана өсүмдүктөр дүйнөсүн жок кылгандыгы үчүн бюджетке 2,3 млн сом төлөндү”, - деп белгилейт Жаратылыш ресурстар министрлиги.

    Мындан тышкары, “Жашыл Мурас” улуттук компаниясынын алкагында республика боюнча 7 млн көчөт отургузулду.


    Читать похожее

    • 18.12.2023, 22:15:02
    • 23.10.2019, 03:05:08