
Опубликовано
12.04.2023, 07:20Быйыл ажылык сапар, Меккеге баруунун баасы 3900 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир жаран ушул жылдын 12-апрелинен 17-апрелге чейин РСК банкына 2900 доллар төлөшү керек.
Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар Кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.
Эске салсак, 2022-жылы ажылык сапардын баасы 4500 доллар болгон. Бул жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат.
Тиешелүү маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алууга болот.



