Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

11.08.2023, 06:55

Баткен облусунда быйылкы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, кошумча эки окуу корпусу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мындан тышкары, Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.

Ошондой эле, жаңы окуу жылынын башталышы менен:

  • Баткен районунун Көк-Таш айылында “Учкун” балдар бакчасы;
  • Ак-сай айылында “Эделвейс” балдар бакчасы;
  • Достук айылында “Бөбөктай” балдар бакчалары пайдаланууга берилет.

Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемеси курулууда, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.


Читать похожее