Опубликовано
07.02.2024, 04:30Быйыл ысык сууну өчүрүүнү узартуу пландалууда. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.
Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.
“Быйыл оңдоо иштерин 20-апрелден баштап 30-40 күнгө баштоонун варианттарын талкуулап жатабыз, анткени техниканын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйүп, ошол эле учурда сапаттуу оңдоого талап кылынган убакыт да көбөйүүдө", - деди ал.