Akchabarsearch
Источник фото: WWW

Опубликовано

01.03.2023, 09:00

Ушул жылы алдыңкы дүйнөлүк беш тобокелдиктерге энергетикалык каатчылык, жашоо наркынын кымбатташы, инфляциянын өсүшү, азык-түлүк менен камсыздоонун жетишсиздиги жана кибер чабуулдар кирет. Бул тууралуу World Economic Forum “Global Risks Perception Survey 2023” аттуу изилдөөсүндө баяндаган.

Аталган изилдөөдө дүйнөлүк тобокелдиктер экономикалык, экологиялык, геополитикалык, социалдык жана технологиялык жактан изилденип, бул тармактардагы тобокелдиктерге саресеп салынган. Алардын ичинен экономикалык тобокелдиктердин сап башына төмөнкү көйгөйлөр чыккан:

  • Карыз каатчылыгы;
  • Баалардын траекториясын турукташтыра албоо;
  • Узакка созулган экономикалык каатчылык;
  • Өнөр жай жана жеткирүү чынжырларынын кыйрашы;
  • Активдердин баасынын тез өскөнүнөн улам инфляция болот. Ал нарктын тез төмөндөшүнө алып келет (Asset bubble bursts);
  • Экономикалык өнүгүүнү тушаган уюшкан кылмыштуулук жана мыйзамсыз экономикалык ишмердүүлүктүн өсүшү.

Ошондой эле, баяндамада дүйнө жүзүндө тамак-аш жана энергия кымбаттап жатканы белгиленген. Бул кымбатчылык айрым өлкөлөрдө баш аламандыкты жана саясий туруксуздукту жаратканы айтылган.


Читать похожее