akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.08.2024, 11:44

    Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында жайгашкан Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

    Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен башталган. Курулуш иштерин “Олимп и Ко” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

    2023-жылы 3 үйдүн курулушу бүтсө, 2024-жылы кошумча 7 үйдүн курулушу 70%ы аяктады. Учурда ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

    Аталган турак жайларды быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.


    Читать похожее

    • 19.08.2024, 21:30:35
    • 19.08.2024, 21:10:44
    • 16.08.2024, 04:10:24
    • 14.08.2024, 00:40:33