Опубликовано
23.04.2022, 05:29Кыргызстан дыйкандарга насыяга берүү үчүн 5 миң 750 тонна үрөн алды. Бул тууралуу “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл биринчи жолу дыйкандарга үрөн берүү түрүндө товардык кредиттер иштелип чыгып, 18-апрелге карата 303 млн сомдук 5 миң 750 тонна үрөн алынган. 250 млн сомго насыя берилди.
"Анын ичинен: 2 миң 867 тонна арпа, берилгени 2 миң 293 тонна, буудай – 2 миң 600 тонна, берилгени 1 миң 585 тонна, софлор – 153 тонна, берилгени 40 тонна, беде – 26 тонна алынып, 13 тоннасы берилди, буурчак 103 тонна алынып, анын 2 тоннасы берилди. Бардыгы болуп товардык кредит 8 миң 363 дыйканга 4 миң 894 тонна үрөн берилген", - деди ал.
Мындан тышкары, ал 19-апрелде 128 тонна арпа келип түшүп, Кемин, Ак-Суу, Тогуз-Торо, Түп, Ысык-Көл облустарына жөнөтүлгөнүн билдирди.