Опубликовано
14.05.2024, 03:35Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылында 11-классты 73 миң 51 окуучу аяктаса, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу бүтүрөт.
Өлкө мектептериндеги “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда өтөт.