Опубликовано
14.06.2024, 03:45Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал аталган реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү экенин, натыйжада айыл аймактар 452ден 235ке азая турганын кошумчалады.
Белгилеп кетсек, парламент административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.