Опубликовано
16.07.2024, 06:01Быйыл жалпы билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоого республикалык бюджеттен 152 000 600 сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри билдирди.
Бул каражаттын 44 млн 366 миң 929 сому мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык аткаруучуга төлөнүүчү сумманын калдыктарын төлөөгө сарпталды.
Андан тышкары “Учкун” ААКнын басмаканасында 9 аталыштагы китептер (5 окуу китеби, 4 методикалык колдонмо) 53 миң 120 нускада кошумча басылып чыкты. Аларга республикалык бюджеттен 12 млн 102 миң 906 сом жумшалды.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасынан (Сингапур) 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынды. Натыйжада министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болду. Ушул тапта аталган окуу-методикалык комплекстерди англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу, адаптациялоо иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 2023-жылы өздөштүрүлбөй калган 16 млн 271 миң 162 сом Каржы министрлигинин Борбордук казынасына кайтарылган.