Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.06.2024, 10:05

Мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала баштады.

  • Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.
  • Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды.
  • Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.
  • Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды.
  • Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.


Читать похожее

  • 14.08.2024, 03:22:52
  • 13.08.2024, 22:28:01
  • 06.08.2024, 22:30:45
  • 05.08.2024, 00:45:15