Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.02.2024, 07:11

    Быйылкыга карата Жалал-Абад шаарынын бюджети 1 млрд сом деп пландалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

    Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча элге отчёт берди.

    Андан соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берди.


    Читать похожее