Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    28.05.2020, 09:30

    «Мектепке электрондук түрдө катталуу» системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 24567]

    Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган эле. Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.

    Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек.

    Эске салабыз, 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүп жатат. Бул алты шаардан порталга жалпысынан 13 491 билдирме түшкөн.

    Электрондук каттоо 1-класска кабыл алууда ачык-айкындуулукту, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана коррупциянын алдын алат.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 21:30:23
    • 14.08.2024, 00:40:33
    • 13.08.2024, 00:40:04
    • 06.08.2024, 22:30:45