Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.05.2024, 09:00

Кыргызстанда 2023-жылы 17 миң 564 адам аты-жөнүн өзгөрткөн. 2022- жылы көрсөткүч мындан 3,5 миңге көп болгон. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ар кандай себеп менен аты-жөнүн алмаштыргандардын көпчүлүгү Ош облусунда жашайт. 2022-жылы 5 миң 163 жаран өздүк документине өзгөртүү киргизсе, 2023-жылы мындай сунуш менен мамлекеттик органдарга 4 миң 187 киши кайрылган.

Бишкектин тургундары дагы өздүгүн алмаштырууга шыктуу. 2022-жылы 3 миң 868, былтыры 3 миң 746ы арыз түшкөн.

Аты-жөнүн эң аз Таластын тургундары алмаштырган. Бул аймакта бир жылда 532 (2022-жылы 663) киши гана кайрылган.


Читать похожее

  • 29.07.2024, 05:55:15
  • 18.07.2024, 23:20:01
  • 17.05.2024, 03:00:27
  • 23.11.2020, 21:30:29